Кыргызстанда учурда жумушсуз жарандардын саны 205 700. Маалыматты Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 18-февралда билдирди. Аймактар боюнча жумушсуздардын саны төмөнкүдөй:
Бишкек шаарында - 40 800;
Ош шаарында - 35 200;
Ош облусунда - 4300;
Баткен облусунда - 22 300;
Жалал-Абад облусунда - 38 500;
Талас облусунда - 4000;
Чүй облусунда - 35 900;
Ысык-Көл облусунда - 17 000;
Нарын облусунда - 7700.