Алмазбек Атамбаев өкмөт калк үчүн электр энергиясынын тарифин 70 тыйын деңгээлинде кармоо керектигин айтты

Бүгүн, 18-февралда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Жолугушууда Турдубаев мамлекет башчыга калкты жана өнөр жай объектилерин электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле тарифтик саясат туурасында маалымат берди.

Президент өкмөт калк үчүн электр энергиясына болгон социалдык тарифти 1 киловатт-саатка 70 тыйындын деңгээлинде сактоого тийиш экенин белгиледи.

Мындан тышкары Кыргызстанда энергетика системин чыңдоого жана жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүүгө багытталган энергетикалык ири долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан