Жогорку Кеңеште 18-февралда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчисинин мамлекеттик протоколдогу улуктук ордун аныктай турган мыйзам долбоору каралды.
Демилгечилердин айтымында, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы түзүлүп, анын башчысы дайындалганына карабастан, анын мамлекеттик протоколдо ээлеген орду аныкталбай калган. Улуттук мыйзамдарга ылайык, Башкы штабдын башчысынын ыйгарым укуктарына өлкөдөгү бардык күч түзүмдөрүнүн ишин координациялоо жана аскердик саясатты жүргүзүү милдети кирет. Ошондуктан Башкы штабдын башчысынын мамлекеттик протоколдогу улуктук ордун Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысынан кийинки жана башкы прокурордон мурунку 10 сапта белгилөө демилгеси сунушталууда.
Депутат Каныбек Иманалиев мамлекеттик протокол жаатында депутаттар тарабынан дагы эки мыйзам долбоору иштелип чыкканын билдирди.