Өмүрбек Текебаев бел боо күрөшүн өнүктүрүү аракеттери жүрүп жатканын айтты

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 18-февралда Эл аралык бел боо күрөшү боюнча федерациянын президенти Руслан Махмутовду жана Европалык бел боо күрөшү боюнча федерациянын президентинин орун басары Ислам Албаковду кабыл алды. Тараптар улуттук спорттун түрлөрүн эл аралык деңгээлде жайылтуу чаралары, анын мыйзамдык базасын бекемдөө жаатында пикир алышты.

Текебаев былтыр Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ийгиликтүү өткөнүн, улуттук спорттун түрлөрүн, анын ичинде бел боо күрөш түрүн өнүктүрүү аракеттери көрүлүп жатканын белгиледи.

Махмутов өз уюмунун жүргүзгөн иштерине учкай токтолуп, быйыл Ашхабад шаарында өтө турган бел боо күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпиондукка кызуу даярдык жүрүп жатканын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан