Жогорку Кеңештин депутаттары Эркин Сакебаев, Асия Сасыкбаева, Эркингүл Иманкожоева, Майрамкүл Тиленчиева жана башкалар Улуттук онкологиялык борбордун жана андагы оорулуулардын абалын көрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бейтаптар мекемедеги оңдоо иштеринин айынан таза суу жаңы гана берилгенин, ажатканалар иштебей, жылуулук үчүн үйдөн жылытуу жабдыктары алынып келингенин, дары-дармектердин кымбаттыгы сындуу көйгөйлөрдү айтышты. "Ооруканадагы оңдоо иштеринен улам депутаттар терс шарттарга күбө болушту. Борбордук оорукананын дарыгерлери чоң-чоң операцияларда дарыларды оорулуулардын өздөрү алууга туура келерин белгилешти. Ал эми республикалык бюджеттен каралган каражатка анча-мынча антибиотик сындуу дары-дармектер менен таңуучу материалдарга гана жетерин кошумчалашты",- деп билдирди басма сөз кызматы.