Парламент Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө мыйзам долбоорун 3 окууда жактырды
Жогорку Кеңеш 18-февралдагы жыйынында "Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун 3 окуудан кабыл алды. Документке 2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында Евразия экономикалык коомдоштугунун мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынында Орусия, Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстандын президенттери тарабынан кол коюлган. Ага ылайык, аталган коомдоштуктун иши 2015-жылдын 1-январынан баштап токтотула турганы, анын ордуна жаңы түзүлгөн Евразия экономикалык биримдиги иштеп баштай тургандыгы белгиленген.