Бүгүн, 19-февралда парламент жыйынында депутат Исмаил Исаков өлкөдөгү унаа жолдорунда жасалма дөңчөлөрдү ("лежачий полицейский") айрым жактардын өз алдынча салып жатышына нааразычылыгын билдирди.
Анын айтымында, борбор калаанын айрым райондорунда ар бир 50 метр сайын дөңчөлөр өз билемдик менен орнотулган. "Ким буга уруксат берди?! Жол эрежесин сактоо керек эмеспи. Транспорт башкармалыгы бар, тиешелүү адистер бар, бирок жыйынтык жок. Жасалма дөңчөлөрдүн баарын изилдеп, уруксатсыз салгандарга айып пул салуу керек",- деди Исаков.
Мындан тышкары депутат шаардагы жолдорду бузуу менен жер астына суу түтүктөрү салынгандыгынан улам жолдор бузулганын белгиледи. “Айрымдар кышы менен жолдорду калыбына келтиришет. Бийлик барбы же жокпу деген суроо пайда болот. Муну тартипке салуу керек”,- деп кошумчалады депутат.