Мамлекеттик салык кызматы: Январда 3,5 миллиард сом салык жыйналды
Кыргызстанда 2015-жылдын
январь айында 3 миллиард 573 миллион 900 миң сом салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу 19-февралда Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, аталган сумма планды аткаруу 104 пайызды түзгөнүн же 136 миллион 500 миң сом каражат ашыкча чогултулганын билдирет. "Өткөн жылдын
январь айына салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 185 миллион 800 миң сомго же 5,5
пайызга жогорулады",- деп билдирет мекеме.