Баткен. БатМУнун колледжинде футбол боюнча достук таймашы өткөрүлдү

5-ноябрда Баткен шаарынын борбордук стадионунда БатМУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин студенттеринин арасында достукту чыңдоо максатында футболдук таймаштар өттү. Ага аталган окуу жайдын 1-курстан 4-курска чейинки студенттери активдүү катышты. Бул тууралуу колледждин студенттер комитетинин башчысы Мухаммед Исламбеков маалымат берди. Беттештердин жыйынтыгында 3-курстун студенттери жеңип чыгышты. 2-орунду 1-курстун студенттери ээлешсе, 2-курстун студенттери 3-орунга илинишкен. Айта кетсек, мындай саамалыкты уюштуруу демилгесин студенттер өздөрү колго алышты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан