АКШнын президенти Дональд Трамп Украинага Tomahawk ракетасын жөнөтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазып чыкты.
Июнь айында АКШ Ирандагы ядролук объекттерге Tomahawk ракеталарын колдонгон.
Маалым болгондой, 11-июлда Украинага Tomahawk ракеталарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү талкууланган. Бул ракеталар азырынча жеткирүү тизмесине кирбесе да, Вашингтон аларды кийинчерээк Киевге жөнөтүшү мүмкүн экени айтылууда. Басылма ракеталардын учуу аралыктары Москвага менен Санкт-Петербургга сокку урууга жете турганын билдирди.
Tomahawk (BGM-109) — сууда, жерде, абада жана суу астында колдонулуучу узак аралыктагы ракеталар. Алар АКШнын курал-жарактарынын катарында 1983-жылдан бери бар. Tomahawk ракеталарынын бир нече модификациялары бар, учуу аралыгы 2500 чакырымга чейин жетет.