Парламент бүгүн, 26-февралда "Кумтөр" маселесин кароодо. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Кумтөр" боюнча буга чейин парламент койгон талаптардан "Центерра" баш тартканын айтты. Депутат ишкананы улутташтыруудан башка жакшы жол жок деп эсептейт.
"Биздин укугубуз - "Кумтөрдү" тартып алабыз. Туура, анча-мынча чыгымын төлөп берүүгө туура келет, бирок мунун да жолу бар. Экологиялык зыянды эсептеп чыгып, "5-6 миллиард доллар карыз болдуң" деп "Центерранын" моюнуна илип коюуга эмнеге болбосун? Алардан корккондун ордуна карыз кылып өлкөдөн кууп чыкпайлыбы? Канадалыктар түрмөгө камалбай өлкөбүздөн аман чыгып кеткенине кубанышы керек.
Парламент "Кумтөрдө" казуу иштери жер алдынан жүргүзүлсүн" деп чечим чыгарган. Анан эмне болду, "Центерра" тоготпой туруп "жер алдынан казбайм, жердин үстүнөн казып, мөңгүңдү талкалашым керек" деди. "Парламент койгон талаптарга макул эмеспиз" деди. "Колуңардан эмне келет? Силер эгемендүү эл эмессиңер, мамлекет эмессиңер" деп жатат. "Эгер мындай болсо, анда ишкананы токтотуп кетип калабыз" деп коркутту.
"Ата Мекен" фракциясы "Кумтөрдү" токтотобуз дегендер 15 жылга камалышы керек" деген мыйзам сунуштап, эки окуудан өткөн. Бирок "Центерра" ишкананы токтотууну айтып реалдуу коркута баштаганда, кечирип койгула, депутаттар, ошол мыйзамды өткөрбөй, "жыгылтып" койдуңар го? Мына-мына ишке өтөйүн деп калганда, Курманбек баатырга атасы атын бербей койгондой кылып мыйзамды экинчи окуудан өткөрбөй койдуңар го? Бул жерде "Кумтөр" эле эмес, өлкөнүн эгемендүүлүгү тууралуу кеп болууда",- деди Текебаев.