Канадалык "Центерра" компаниясы 20 жылда кыргыз өлкөсүнө 2 миллиард 715 миллион доллар төккөн. Мунун 1 миллиард 50 миллион доллары өлкө бюджетине тикелей которулган. Бул тууралуу парламенттин 26-февралдагы жыйынында "Кыргыз алтын" ишканасынын башчысы Токон Мамытов билдирди."Салык катары 856 миллион доллар, Социалдык фондго 133 миллион доллар, "Кумтөрдө" иштеген кызматкерлерге 518 миллион доллар айлык катары берилген, сатып алуулар багытында 699 миллион доллар, компаниянын 17 пайыз акциясы сатылганда 86 миллион доллар төккөн. Мындан башка да бир жолку төлөмдөр жана демөөрчүлүк төлөмдөр болгон",- деди Мамытов.
"Центерра" 20 жыл ичинде 6 миллиард 894 миллион доллар киреше тапкан. Мунун 5 миллиард 668 миллиону чыгымдарга кеткен. Таза кирешеси 1 миллиард 226 миллион доллар болгон. 5 миллиард доллар таза киреше алды деген маалымат туура эмес",- дейт Мамытов.