"Жапаровдун чачын алып жүргөн баламын". Бишкекте 40 жаштагы киши кармалды (видео)

Өлкө жетекчисинин дарегине шек келтирген делип 40 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Instagram социалдык тармагындагы asanov_live деген аталыштагы аккаунтта өлкөнүн жогорку жетекчилигинин дарегине агрессивдүү жана басмырлаган түрдө, этикалык нормаларды одоно бузуу менен сүйлөгөн белгисиз жарандын видеосу жайгаштырылган.

Кармалган жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМ ал Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмышка шектелип, Ленин РИИБи тарабынан издөөгө алынганы аныкталганын да белгиледи.

27.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан