"Кумтөрдү" улутташтыруу - варианттардын эң акыркысы" дейт депутат Чыныбай Турсунбеков

Бүгүн, 26-февралда парламентте "Кумтөр" маселеси талкууланып жатат. Өкмөт "Кумтөрдүн" ишине байланыштуу парламент токтомдорунун аткарылышы тууралуу маалымат берүүдө.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков буларды айтты: "Өмүрбек Чиркешович айтты (Текебаев - ред.), "Кумтөр" маселесин чечүүнүн 2 гана жолу бар: биринчиси - улутташтыруу, экинчиси - "Центерра" ишканасына "багынуу". Менимче, улутташтыруу - эң акыркы ыкма. Ал эми "багынуу" дегени туура эмес, "компромисттик чечим" дешибиз керек. Өкмөт "Кумтөрдүн" акцияларынын үлүштөрүн 50х50 кылып бөлүп, чечимге келүүсү туура. Кеп анын аткарылышы же аткарылбашында болууда",- деди Турсунбеков.

Турсунбеков өкмөткө дагы убакыт берүүгө макул эмес. "Эгер чече албаса, анда маселени чече турган башка өкмөттү алып келишибиз керек",- дейт депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан