"Өкмөттү отставкага кетирүү "Кумтөр" маселесин чечүүнү кечиктирүүгө себеп болот". Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында депутат Асия Сасыкбаева ушундай пикир билдирип, көйгөйдү чечүүнүн башка жолун издөөнү сунуштады. "Бул өкмөт кетсе, жаңысын түзүүгө узак убакыт коройт жана "Кумтөр" маселесин чечүү дагы кечеңдейт. Андан көрө бийликтин бардык тармагы биригип, бир фронт үчүн турушу керек. Өкмөттү кетирүү менен ута турган эч нерсебиз жок",- деди депутат.
Айта кетсек, жыйында депутаттар "Центерра" менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн өкмөткө мындан ары убакыт берүүгө зарылчылык жок экенин айтышууда.