Улукбек Кочкоров: "Кумтөрдө" талкаланган мөңгүнүн баасы - 8 миллиард 400 миллион сом"

"Кумтөр" кенинде талкаланган мөңгүлөрдүн баасы - 8 миллиард 400 миллион сом". Муну депутат Улукбек Кочкоров парламенттин 26-февралдагы жыйынында билдирди. Депутат "Кумтөрдү" улутташтырбай туруп мамлекетке алып коюуга болорун айтат. 
"Мына, парламентте минералдык сууларды ичип отурабыз, 1 литрин 6 сомдон алып жатабыз. Жанагы талкаланган 70 миллион метр куб мөңгүнү сууга айландырып, литрин 6 сомдон сатсак, 8 миллиард 400 миллион сом болот. Ишкананы улутташтырбай туруп, "банкрот абалына келди" деп мамлекетке алып койсок болот",- деди Кочкоров. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан