Жоомарт Оторбаев "Кумтөр" боюнча жаңы ишкана түзүлсө, кыргыз тараптын укугу кеңейе турганын айтты

"Кумтөр" боюнча биргелешкен ишкана түзүлсө, кыргыз тарап бардык кирешелерди, чыгашаларды текшере алат",- деди 26-февралда парламент жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев.

Анын айтымында, "Кумтөр" долбооруна байланыштуу азыркы көйгөйлөр өз убагында туура эмес түзүлгөн келишимдердин айынан чыгууда. "2010-жылдан бери бул маселени чечүүгө аракет кылып жатабыз. "Центеррага" бирге иштешүүнүн жаңы моделин сунуштадык. Ага ылайык, "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй алабыз",- деди премьер-министр.

"Канада, Австралия жана бир топ мамлекеттерде тоо-кен тармагы - экономиканы көтөрө турган секторлордун бири. Кыргыз экономикасы үчүн тоо-кен тармагы абдан маанилүү",- деп кошумчалады Оторбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан