Кыргыз жеринде 2009-жылдын 31-июлуна чейин сугат жерлерине курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу маселеси каралууда

Парламенттеги КСДП фракциясынын 27-февралдагы жыйынында 1983-жылдан 2009-жылдын 31-июлуна чейинки мезгилде республиканын сугат-айдоо жерлеринде курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу демилгеси каралууда. Мыйзам долбоору боюнча депутат Эсенгул Исаков баяндама жасады: 

"Өкмөттүн алдындагы Мекемелер аралык комиссия 2009-жылдын 31-июлуна чейин жеке үйлөр курулган сугат-айдоо жерлериндеги жер тилкелеринин аянтын тактоо боюнча иштерди жүргүздү. Анын натыйжасында 1983-жылдан 2009-жылга чейинки мезгилде республиканын 32 районунун 217 айыл өкмөтүндө 13 478 гектар аянтка, анын ичинде 11 784 гектар сугат жерине өз билемдик менен турак үйлөр курулганы белгилүү болду. Жалпы 38 194 үй курулган, анда 41 739 үй-бүлө жашайт",- деди Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан