Кыргыз жеринде малды идентификациялоо иштери баштала элек. Польшадан 40 миллион евро насыя (анын 16 миллиону малды паспорттоштурууга жумшалат) алуу боюнча Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алган, бирок ишке ашырыла элек.
Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, Бажы союзуна кирүүнүн алкагында Орусиядан, Казакстандан чек арадагы лабораторияларды оңдоо үчүн акча бөлүнгөндүктөн, идентификацияга да каражат бөлүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Иш-чараны 2 этапка бөлүү менен өткөрүү күтүлүүдө. Биринчи этапка 7,5 миллион доллар Орусиянын грантынан берилсе, калган 11 миллиондон ашык доллар Казакстандын грантынан каралмакчы. “Идентификация – бул малга бирка тагып коюу эле эмес, бир катар маанилүү иштер - IT системин орнотуу, тиешелүү адистерди окутуу жана башка иш-чаралардан турат. Бул иштерден кийин гана кара малды идентификация кылуу пландаштырылууда. Андан соң майда жандыктар жана жылкылар идентификацияланат”,- дейт министрдин орун басары.
ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, тийиштүү органдар каржы маселеси чечилип калса, кара малды идентификациялоонун биринчи этабын 2015-жылдын декабрына чейин аяктоону пландап жатат.