Бүгүн, 27-февралда парламенттин КСДП фракциясынын жыйынында 1983-жылдан 2009-жылдын 31-июлуна чейинки мезгилде республиканын сугат-айдоо жерлеринде курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков 2009-жылга чейинки эмес, 2005-жылга чейин курулган гана үйлөрдү мыйзамдаштырууну сунуштады. "2005-жылдан кийинки кырдаал бизге белгилүү, саясий окуялардан улам айрым жарандар акимдин документи менен жер тилкелерди ээлеп алышкан. Ушундай маселелер көп орун алган. Дагы эле соттошуп жүргөндөр бар",- деди Турсунбеков.