Ош шаарында койдун этинин 1 килограммын 355 сомдон, уйдун этинин килограммын 345 сомдон ашырбоо чечими чыкты. Муну 27-февралда өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги билдирди. Мындай чечим агенттиктин Ош шаардык бөлүмү менен Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү биргеликте өткөргөн жыйында кабыл алынган.
"Жыйында негизинен Ош шаарындагы касаптардын керектөөчүлөрдүн укугун бузуу фактылары же сатуучулардын медициналык көзөмөлдөн өтпөгөндүгү жана эт сатуучу дүкөндөрдүн санитардык абалы сакталбандыгы жана башка маселелер каралды. Айтылган кемчиликтерди оңдоого тийиштүү органдарга бир апта убакыт берилди. Койдун этинин 1 килограммын 355 сомдон, уйдун этинин килограммын 345 сомдон сатуу боюнча шаардын вице-мэри Замир Аскаров сунуш кылып, жыйынга катышкан касапчылар жана тийиштүү органдын өкүлдөрү колдоого алышты",- деп билдирди агенттик.