"Бишкек мэриясынын "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотууга жардам берерин айтып алдап, алардан 50 миң доллар алган" деп мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго айып тагылган эле. Бакыт Абдыкапаровдун жактоочусу Тимур Жанаев 27-февралда маалымат жыйында ага тагылган айып аныкталбаганын билдирди. Анын айтымында, Абдыкапаров аталган ишканадан эч кимди тааныбай турганын айтууда.
“Бул иш боюнча мен УКМКга кайрылып, Абдыкапаров суракка алынды. Бирок көрсөтмө берип, “Тазалык” ишканасынан эч кимди тааныбасын жана эч кимиси менен иштешпегенин айтты. Тергөө органдары да эч кандай так маалымат жарыялашкан жок”,- дейт Жанаев.