Өкмөт мугалимдик адистикке ээ болуп чыккандарды 5 жыл милдеттүү түрдө иштетүүнү пландоодо

Жогорку окуу жайларда бюджеттик негизде окуп, мугалимдик кесипке ээ болгондор 5 жылга чейин атайын чектелген иш орундарына барып иштөөгө милдеттендирилет. Тийиштүү мыйзам долбоорун Билим берүү жана илим министрлиги сунуштоодо. Муну депутат Каныбек Осмоналиевге шилтеме берүү менен ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Депутаттын айтымында, мыйзам кабыл алынса мугалимдик кесиптин ээси болгондор өкмөт көрсөткөн аймакта иштеп берүүгө милдеттүү болушат. 

Осмоналиев мугалимдерге коюлуп жаткан медициналык кароодон өтүү талабын колдой турганын билдирди. "Мектеп директору болууга бир гана мугалимдик адистиги барлар эмес, таптакыр башка кесиптеги өкүлдөрдүн кайра даярдоо курстарынан өтө калып, мектеп жетекчилигине жетсем деген аракеттери күчөп жатат",- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан