Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 28-январында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамын КРнын Бажы кодексине ылайык келтирүү, Улуттук банктын жана КРнын Бажы кодексинин 178-беренесинде белгиленген функцияларын аткаруу үчүн керек болгон Улуттук банкты, анын менчигин, мүлктөрүн жана кирешелерин, бүтүмдөрүн жана операцияларын, товарларга карата жыйымдардын, бажы алымдарынын жана жыйымдарынын бардык түрүнөн бошотуу.