Жогорку Кеңештин комитети парламенттик шайлоо жөнүндө мыйзамды өзгөртүү демилгесин талкуулады

Парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 27-февралдагы кезексиз жыйынында "КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды. 

Баяндамачы Абдыжапар Бекматов“Шайлоо мыйзамдарын учурдун талаптарына ылайык келтирүү зарылдыгы бышып жетилди. Ошондуктан өзүн актабаган айрым жоболорду алып салуу же алмаштыруу, карама-каршылыктарды жоюу милдеттери турат”,- деп билдирди.

Шайлоо процессине автоматташтырылган технологияларды киргизүү жагы каралууда. Мындай чаралар шайлоо тартибин бузуулар менен бурмалоолорго бөгөт коюуга мүмкүндүк берери айтылды. Шайлоолордун эркиндигин камсыз кылуу жаатында мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын так бөлүштүрүү, партиялардын шайлоо фонддорунун өлчөмдөрүн көбөйтүү сунушталып жатат. Мындан тышкары гендердик квотаны сактоого мүмкүндүк берүүчү механизмдер киргизилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан