2014-жылы өлкөнүн Суу чарба жана мелиорация департаментине 854 миллион 500 миң сом бөлүнгөн, анын ичинен суу чарба объекттерин оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө 173 миллион 400 миң сом жумшалган. Муну 28-февралда Каржы министрлигинен билдиришти.
Суу чарба жана мелиорация департаментинин бөлүмдөрүн Түркия өкмөтүнүн кредитинин эсебинен курулуш техникасы менен жабдуу максатында 230 техника сатылып алынганы айтылды. "Жалпысынан 475 миллион 100 миң сом бөлүнгөн, анын ичинде 2012-жылы 3,5 миллион сом, 2013-жылы 431 миллион 200 миң сом, 2014-жылы 40 миллион 400 миң сом жумшалган. 2015-жылы Суу чарба жана мелиорация департаменти үчүн 776 миллион сом каралган, анын ичинде суу чарба объекттерин оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө 153 миллион 100 миң сом, электр энергиясын колдонуу акысын төлөөгө 154 миллион сом каралган",- деп айтылат маалыматта.