Акыркы суткада өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталып, Арча-Бешик жаңы конушунда соода күркөсү күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн суткада республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 
Борбордогу Арча-Бешик конушунда калай менен жабылган, аянты 35 чарчы метр азык-түлүк сатуучу дүкөнчөнүн ички жыгач жасалгасы, муздаткыч, азык-түлүктөрү күйүп кетти. Ошондой эле Талас облусундагы Көк-Ой айылында жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 50 чарчы метр курулуш чарбанын чатыры күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан