Сугат жерлерине мыйзамсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун тиешелүү комитет 1-окууда жактырды

Бүгүн, 2-мартта парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети сугат жерлерине мыйзамсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды. "Бул мыйзам долбооруна ылайык, 1983-жылдан 2009-жылдын 31-июлуна чейинки мезгилде республиканын сугат-айдоо жерлеринде курулган 38 194 үй мыйзамдаштырылмакчы. Бул үйлөрдө жалпы 41 739 үй-бүлө жашайт",- деди депутат Эсенгул Исаков.
Айта кетсек, мыйзам долбоору "Ар-намыс", КСДП жана "Ата Журт" фракцияларында каралып, колдоого ээ болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан