Ош шаарында 240 сааттык программанын негизинде балдарды мектепке даярдоо башталды

Бүгүн, 2-марттан баштап Ош шаарындагы бардык мектептерде балдарды мектепке даярдоо боюнча 240 сааттык программанын негизинде 6-7 жаштагы балдарды окутуу башталды. 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, анда 240 сааттык программанын алкагында тренингдерден өтүшкөн 67 педагог 96 мектепке чейинки даярдоо класс-комплектилерин окутат. Ош шаары боюнча 46 мектепте окутуу жүргүзүлүп, жалпы окуучунун саны 2399 болду. Анын ичинен окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектепке 726, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектепке 1024 жана окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектепке 649 окуучу тартылды. Балдарды мектепке даярдоо боюнча окутуу ушул жылдын март айынан июнь айына чейин жүргүзүлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан