"Биздин жогорку окуу жайлар Татарстан менен активдүү кызматташууда" деди Эльвира Сариева

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 2-мартта Татарстандан келген делегация менен жолугушту. Министрликтин билдиришинче, делегациянын курамында Казань федералдык университетинин ректору Ильшат Гафуров, Казань улуттук изилдөө-технологиялык университетинин ректору Герман Дьяконов жана башкалар бар. 
Жолугушууда тараптар билим берүү тармагындагы кызматташуу тууралуу пикир алышышты. "Кыргыз мамлекетинин жогорку окуу жайлары Татарстандын жогорку окуу жайлары менен активдүү кызматташып жатат. Казань улуттук изилдөө-технологиялык университетинин потенциалын жогору баалайбыз, учурда анын филиалында биздин студенттер сапаттуу билим алышууда",- деп билдирди Сариева. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан