ЕАЭБ жыйынында бир нече документтерге кол коюлуп, кабыл алынды

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Минск шаарындагы жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлуп, кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарада төмөнкүдөй документтерге кол коюлуп, кабыл алынды:

- “Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөлөрүнүн ортосунда иш чөйрөлөрү боюнча милдеттерди бөлүштүрүү механизми жөнүндө” чечим;

- “2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюу жөнүндө” протокол («IV Чоң» протокол);

- “Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин Транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечим;

- “Табигый монополия субъекттеринин ишин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 20 тиркеме) 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык маалымат берүү жөнүндө” тескеме;

- “Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттер тарабынан 2023-2024-жылдары Кызмат көрсөтүүлөр, мекемелер жана ишмердүүлүк менен сооданы жөнгө салуу эрежелеринде каралган жоболордун аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө” чечим;

- “Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кызмат көрсөтүүнүн айрым секторлору боюнча либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө” тескеме.

- “ЕАЭБ алкагында спорт жаатындагы экономикалык кызматташтыктын негизги багыттары жөнүндө” чечим;

- “Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” чечим;

- “Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөсүн дайындоо жөнүндө” чечим;

- “Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө” тескеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан