Алмазбек Атамбаев Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизди

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 14-январында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – өз укуктарын жана коомдун же мамлекеттин мыйзам тарабынан корголгон укуктарын коомдук коркунучтуу кол салуудан активдүү коргогон адамдардын укуктарынын кепилдигин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин айрым жоболорун өркүндөтүү.

Мыйзамда Кылмыш-жаза кодексинин коргонуу зарылдыгы тууралуу 36-беренеси жаңы редакцияда баяндалат жана турак жайдын кол тийгистигин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган 137-беренеге өзгөртүүлөр киргизилет.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан