Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ар дайым коомдун камкордугуна, жардамына муктаж. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султановдун жардамы менен 7-ноябрь күнү Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Суу (Белеводск) айылындагы психоневрологиялык балдар үй-интернатында тарбияланып жаткан балдарга "Супер-Инфо" гезитинин кызматкерлери чакан белектерди тапшырып кайтышты. Беловодск айылындагы психоневрологиялык балдар үй-интернаты 1935-жылдан бери иштейт. Учурда анда 250 тарбиялануучу бар. Алардын 90нунун колу-буту иштебейт, ал эми 45и баса элек жана 43үнө оор диагноз коюлган.