Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 280–281-чакырым аралыгында тоо бетинен түшкɵн таш көчкүнү тазалоо иштери тынымсыз жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Министрлик аталган тилкени тазалоо иштерине кошумча техникалар жана кызматкерлер тартылганын белгиледи.
Буга чейин Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу таш көчкү түшкөндүктөн жабылганы кабарланган.