Бүгүн, 3-мартта премьер-министр Жоомарт Оторбаев Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен Бишкекте жолугушту. Жолугушууда Оторбаев Кыргыз Республикасы менен Татарстандын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы кызматташуусунун жогорку потенциалын белгиледи.
“Татарстан бизнес-делегациясынын кыргыз мамлекетине келиши эки мамлекеттин ишкерлеринин байланышын тартипке салууга жардам берет жана көп багыттуу өз ара кызматташуунун конкреттүү кадамдарын өнүктүрүүгө чакырат. Кыргыз Республикасы инвестиция тартууга кызыкдар”,- деди Оторбаев.
Рустам Минниханов Кыргыз Республикасы менен жакындан кызматташууга Татарстандын кызыкдар экенин белгиледи.
Жыйынтыгында өкмөттөр аралык бирдиктүү комиссия түзүү тууралуу макулдашышты.