Федералдык бажы кызматынын башчысы: "Орусия Евразия экономикалык союзунун 5-мүчөсүн чыдамсыздык менен күтүүдө"

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 3-мартта Орусиянын Федералдык бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов менен Бишкекте жолугушту. Премьер кыргыз өлкөсүнүн Евразия экономикалык биримдигине кирүү боюнча 2015-жылдын 9-майына чейин аткаруучу амбициялуу пландары бар экенин белгиледи. "Биздин мамилелерде өзгөчө орунду ЕАЭСке кошулуу маселеси ээлейт. Биздин милдет - кыргыз мамлекетин 9-майга карата биримдиктин толук кандуу мүчөсү кылуу, бул үчүн олуттуу иштер жасалууда",- деди Оторбаев.  

Бельянинов Орусия биримдиктин 5-мүчөсүн чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты. "Кыргыз мамлекетинин ЕАЭСке кошулуу процессинин мөөнөтү катаал болгонуна карабай биз муну жасай алабыз",- деди Бельянинов. 

Мындан тышкары отун-энергетикалык тармактагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселеси, Орусияда иштеп жүрүшкөн кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын абалы тууралуу пикир алышуу болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан