Жоомарт Оторбаев: "Биздин милдет - ишкерлердин ыңгайлуу иштөөсү үчүн керектүү инвестициялык климатты түзүү"

Бишкекте 3-мартта "Кыргыз Республикасы - Татарстан" ишкердик форуму өттү. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев форум эки өлкөнүн ишкерлерине олуттуу жыйынтыктарды береринен үмүттөнөрүн айтты. "Бизнесмен - кыргыз мамлекетинде эң көптөн күткөн конок. Биздин милдет - ишкерлердин ыңгайлуу иштөөсү үчүн керектүү инвестициялык климатты түзүү",- деди Оторбаев. Премьер-министр кыргыз мамлекетинде ишкерлер үчүн жеңилдиктер түзүлгөнүн, алар салыктардын төмөндүгү, электр энергиясы менен жумушчу күчтөрдүн арзандыгы экенин айтты. "Мындай шартта өлкөдө өндүрүлгөн продукциянын өздүк баалары да төмөн. Бизде Орусия, Беларусь жана Казакстандын рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Акыркы жылдары кыргыз мамлекети транзиттик өлкөгө айланды",- деп кошумчалады өкмөт жетекчиси.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан