Талас облустук юстиция башкармалыгы жергиликтүү кеңештин төрагаларына семинар өткөрдү

Талас облустук юстиция башкармалыгы жергиликтүү кеңештин төрагаларына семинар өткөрдү. Муну 3-мартта Юстиция министрлигинен билдиришти. Семинар Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясында аталган райондун жергиликтүү кеңештеринин төрагаларынын катышуусунда "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик-укуктук актылары жана алардын юридикалык күчкө ээ болуусун камсыз кылуу" деген темада өткөнү кабарланды.

"Жыйында жергиликтүү кеңештердин кабыл алынган токтомдорун Ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүүнүн тартибин жана аларды расмий жарыялоонун зарылдыгын түшүндүрүштү",- деп билдирет министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан