Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы "Кум-Бел" кенин иштетүү укугу 140 миң долларга сатылды. Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин билдиришинче, аукцион 2-мартта өтүп, таш көмүр кенин иштетүү укугун "Цинь Лунь" компаниясы утуп алды. Компания аталган кендин түштүк-чыгыш тилкесин иштетмекчи. Ал эми түштүк-батыш тилкеси боюнча эч кандай документ түшпөгөндүктөн, кайрадан аукцион жарыяланат. Маалыматка таянсак, аталган тилкени иштетүүнүн баштапкы баасы 100 миң доллар.