Жылдызкан Жолдошова:"Башкы прокурор Ташиев боюнча жасап жаткан иш-аракеттерине жооп берсин"

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жодошова пленардык жыйында камакта жаткан Камчыбек Ташиевдин тегерегиндеги иштер боюнча Башкы прокурорду сынга алып, "Ата Журт" партиясын шылдыңдоого акысы жок экенин айтты. "Камчыбек Ташиевдин тегерегиндеги абалдан улам эл арасында ачыктан-ачык эле дүрбөлөң башталды. Бүгүн Башкы прокурор өзүнүн жасаган иштери менен президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна аябай шек келтирип жатат. Ташиев президент боло турган адам. Башкы прокурор ЖКга келип, иш-аракеттерине, "Ата Журт" партиясын шылдыңдаганына жооп бериши керек. Депутатка ушундай мамиле болуп жатса, жөнөкөй адамдар кантет?!"- деди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан