Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 2026-жылы НАТОнун саммити Анкарада өтөрүн билдирди.
"НАТОнун Гаагадагы саммитинде биз үчүн маанилүү чечим кабыл алынды. Ал кийинки жолу биздин өлкөдө өткөрүлөт. Түркия 2026-жылдын июль айында НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитин өткөрөт. Альянстын лидерлерин борбор шаарыбыз Анкарада кабыл алабыз", - деди ал Анкарадагы өкмөт жыйынынын жыйынтыгында.
Айта кетсек, НАТОнун быйылкы саммити 24-25-июнь күндөрү Гаагада өттү.