Кыргыз мамлекетинде салык төлөмдөрүнүн накталай айланышын кыскартуу, салык төлөөнүн накталай эмес формасын түзүү иштери уланууда. Мамлекеттик салык кызматынын билдиришинче, бүгүнкү күндө республикада 1450 төлөм терминалы иштеп жатат, алар аркылуу 2014-жылы 30 361 төлөм жүргүзүлүп, 52,2 миллион сом суммасында салыктар төлөнгөн. Бул сумма 2013-жылы 2,1 миллион сомду түзгөн.
"Төлөм терминалдары аркылуу накталай эмес төлөмдөрдүн системин өнүктүрүүнүн алкагында сервис ишке киргизилип, жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн кабыл алынган салыктардын тизмеси кеңейтилген. Булар милдеттүү патенттин негизиндеги салык, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, жалданган жумушчуларга киреше салыгы, айыл чарба маанисиндеги эмес дагы, айыл чарба маанисиндеги дагы жер салыгы, короо жанындагы тилкеге жер салыгы жана 1-4-топтордогу мүлк салыгы",- деп билдирет мекеме.