Турсунбай Бакир уулу: "Өлкөдө эшек калбады, жарымын жол курган кытайлар жешсе, жарымын өзүбүз жок кылдык"

Парламенттин 5-марттагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу дарылардын бааларынын кымбаттыгына нааразычылык билдирди. Депутат өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен экономика министри Темир Сариев бул маселеге көңүл бурушу керектигин айтты. 
"Дары-дармек менен камсыздоо департаменти, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги каякты карап отурат? Алар эмне эшек такалап жатышабы? Антейин десең бизде эшек деле калган жок. Жарымын жол курган кытайлар жеп бүтсө, жарымын өзүбүз союп жок кылдык. Эмне үчүн өлкөгө киргизилген дарылар 3 эсе кымбат сатылууда? Жакыр жашагандар керектүү дарыларды ала албай жатышат. Буга күнөөлүүлөрдү иштен айдаш керек",- дейт Бакир уулу. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан