Бүгүн Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын тургуну Н.Чыналиевге тиешелүү 2000 боо чөп күйүп кеткен. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин басма сөз кызматынын күндөлүк ыкчам маалыматында кабарлашат. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.