Президент Алмазбек Атамбаев 5-мартта Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 12-февралында кабыл алынган бул мыйзам Евразия экономикалык союзга мүчө өлкөлөр менен Кыргыз Республикасы бирдей рынок түзүү максатында иштелип чыккан. Мыйзам алкоголдук ичимдиктер, күйүүчү жана майлоочу майлардын салыктык базалык ставкаларын жогорулатуу максатын көздөйт.
Мыйзам расмий жарыялангандан эки ай мөөнөт өткөндөн кийин күчүнө кирет.