Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын мыйзамсыз менчиктештирилген имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын аймагында аянты 800 чарчы метр жер тилкеси менен ӨКМге караштуу гидрометеорология кызматынын мыйзамсыз менчиктештирилген имараты мамлекеттин балансына кайтарылды.
УКМКнын маалыматы боюнча, гидрометеорология кызматынын имараты "Б" категориясындагы стратегиялык объект болуп саналат.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча участоктун ээси кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугун мыйзамсыздыгын моюнга алуу менен объектти мамлекеттин балансына кайтарымсыз негизде өткөрүп берген.