“Өнүгүү-Прогресс” партиясы Ысык-Көлдө жаңы машина-трактордук станция ачты

Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында жаңы машина-трактордук станция ачылды. Бул “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын айыл чарбасын көтөрүү багытындагы программасынын алкагында ишке ашты. 
Машина-трактордук станциянын жардамы менен айыл эли жазгы талаа жумуштарына толук кандуу кирише алат. Бул станция жер иштеткен элге арзан баада кызмат көрсөтөт. 
МТСтин расмий ачылышына “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев катышты. Анда жолугушууга келген жергиликтүү тургундар айылдагы жерлерде чопо, таш көп болгондуктан, кичинекей тракторлордун күчү жетпей жаткандыгын айтышты. Маселени туура түшүнгөн депутат Жалал-Абад облусундагы станциядан чоң ДТ тракторун айдатып келерин убадалады. 
Айта кетсек, бардык шаймандары менен жеткирилген тракторлор айылдагы Маданият үйүнүн алдына тизилди. Жергиликтүү тургундар мындай техниканы СССР учурунда гана көрүшпөсө, жаштар үчүн жаңычылдык болуп жатканын кошумчалашты. Ушуну менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясы 12-МТСти ачып, ишке берди.

кошулду
“Өнүгүү-Прогресс” 12-МТСти ачты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Bektur2
2015-03-06 14:02:59
Колду тегерете ачсаныздар жакшы болмок кол эли техникаларга муктаж ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
0
shutUP
2015-03-06 19:12:45
Bektur2,ооба, ХХХ ХХХ ХХХ жок калды
0
admin_portal
2015-03-09 15:10:55
shutUP - эскертүү!
Кемсинтип, мазактоодон алыс болуңуз.
0
M89
2015-03-06 14:25:49
Ушул партиядан улгу алгылачы депутаттар
+2
aikow92
2015-03-06 14:38:52
Тракторлор эми жакшы анан копко чейин иштесин.
+1
Latyshka
2015-03-06 21:43:42
Трактор азыр кымбатко аябай, ошончо акча кетиришсе жакшы жакшы
0
Mr.enriiko
2015-03-07 16:07:49
Latyshka, кайдан алды Беллорус тракторун мынча. Мен да ойлонуп жатам. Мен бир трактор коптон бери алалбай журом жаны а буларга ким спонсор??
0
rafo80
2015-03-06 22:39:49
Азаматсынар
0
chonko.samat7
2015-03-07 00:01:53
супер инфо.. ушул тракторлордун баасын жана кредитке кандай процентте толонорун билсек болобу ошондой эле кандай документтер керектелет
0
Mr.enriiko
2015-03-07 16:11:24
chonko.samat7, Батькадан сураш керекк
0
mister
2015-03-07 13:35:26
Онугуу партиясы эл учун жакшы программаларды ооз эки айтпай иш жузундо корсотуп далилдеп келе жатат. Бул жакшы корунуш. Башка партияларга окшоп шайлоо алдында элге ооз коптуруп суйлогон, аягында эч нерсе жок. Улгу алгылачы ушул онугуу партиясынан...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан