Ташиевдин жыйынынан кийин Ноокатты гүлдөтүү аракети башталды (видео)

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан коюлган талаптардын негизинде Ош облусунун Ноокат шаарындагы бир катар кемчиликтер жоюлду. Мындай билдирүүсүн бүгүн, 12-июлда мэрия билдирди.
"Ноокат шаарын кесип өткөн борбордук бөлүктө жайгашкан транспорттук айланма кесилиш жаңыланып, көрктөндүрүлдү. Тактап айтканда, айланпанын ички бөлүгү толук тазаланып, актоо-сырдоо иштери жүргүзүлдү. Кооздук вазалар орнотулуп, гүлдөр отургузулду. Жол белгилери жана кыймыл багыттоочу элементтер жаңыртылды", - деп белгиленди маалыматта.
Ошондой эле жогоруда айтылган айланма кесилиштин ордуна заманбап, көп функционалдуу өтмөк куруу боюнча демилге көтөрүлүп, бул документтер мамлекеттик экспертизанын кароосуна жөнөтүлдү. Экспертизанын оң корутундусунан кийин өтмөктү куруу иштери Транспорт министрлиги тарабынан ишке ашырылат.
Айта кетсек, Камчыбек Ташиев Ош облусунун жетекчилерин чогултуп, жыйын өткөрүп, айрым жетекчилердин ишин сынга алган.
12.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан