Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Рахат Ачылованын каза болгондугуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 50 000 сом бөлүндү. Бул тууралуу 7-мартта президенттик аппараттан билдиришти. Тийиштүү буйрукка 6-мартта мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон.