АКШ Канада менен соода боюнча сүйлөшүүлөрүн токтотот

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Канада менен соода боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотконун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, бул чечим Оттава АКШнын технологиялык компанияларына жаңы салык киргизгенден кийин кабыл алынган. Трамп бул салыкты "Вашингтонго болгон чабуул" деп атады.

«Биз Канада менен болгон бардык соода сүйлөшүүлөрүн токтотобуз, бул чечим дароо күчүнө кирет. Ал эми алдыдагы жети күндүн ичинде Канада АКШ менен соода жүргүзгөнү үчүн кандай бажы төлөмдөрүн төлөй турганын билет», — деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармактагы баракчасында.

Канадада жаңы салык мыйзамы 30-июндан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, Amazon, Google, Uber, Airbnb жана башка технологиялык компаниялар канадалык колдонуучулардан түшкөн санариптик кызматтардын кирешесинин 3 пайызын салык катары төлөшү керек. Бул салык компаниялар үчүн миллиарддаган доллар чыгым алып келет.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын март айында АКШ Канададан ташылып келчү бир катар товарларга, анын ичинде болот, алюминий, унааларга 25 пайыз бажы төлөмдөрүн киргизген. Ошондой эле Канададан келчү энергоресурстарга жана жер семирткичтерге 10 пайыздык салык салынган. Өз кезегинде Канада жооп катары АКШ товарларына 25 пайыздык бажы төлөмдөрүн киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан